Президент Р. Т. Эрдоган менен Орусиянын президенти В. Путиндин жолугушуусу

Президент Р. Т. Эрдоган Түркия менен Орусиянын ортосундагы карым  - катнаштадын бирөөлөрдү кызгандырып жаткандыгын айтты.

1020551
Президент Р. Т. Эрдоган менен Орусиянын президенти В. Путиндин жолугушуусу

Президент Р. Т. Эрдоган Түркия менен Орусиянын ортосундагы карым  - катнаштардын бирөөлөрдү кызгандырып жаткандыгын айтты.

Президент Эрдоган менен Орусиянын президенти В. Путин Түштүк Африка республикасында ишке ашырылган 10 -  Бразилия – Орусия – Индия – Кытай -  Түштүк Африка (BRICS) саммитинин негизинде жекеме – жеке сүйлөшүү өткөрдү. Жолугушуудан мурда эки лидер салам берүү сөзүн сүйлөштү.

Эрдоган Түркия менен Орусиянын саясий, аскердик, экономикалык, маданий, соода жана башка бардык тармактарда олуттуу өнүгүүгө жетишкендигин айтты.

Туризмде да жакшы жагдайлардын болгондугун белгилеген Эрдоган бул жылы 6 миллион орус туристтин Түркияга келиши күтүлүп жаткандыгын айтты.

Орусиянын президенти В. Путин да эки өлкөнүн ортосундагы карым  - катнаштардын өнүгүшүнөн улам кубанычтуу экендигин билдирди.

Түрдүү кризистерди ашып өтүү тууралуу эки өлкө карым  - катнаштарынын улантыларын, экономика тармагында да карым  - катнаштардын өнүгөрүн айткан Путин : «Жолугушканыбыз үчүн жана биргеликте иш алып барганыбыз үчүн кубанычтуумун»,- деди.


 

 



Тектеш кабарлар