Эч ким Түркиянын эмне кыла турганына буйрук бере албайт

Мевлүт Чавушоглу, эч ким Түркиянын эмне кыла турганына буйрук бере албай турганын билдирди.

1020320
Эч ким Түркиянын эмне кыла турганына буйрук бере албайт

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, эч ким Түркиянын эмне кыла турганына буйрук бере албай турганын билдирди.

Чавушоглу, АКШнын президенти Дональд Трамп жана вице-президент Майк Пенстин, кечээ үй камагына алынган Фетуллахчы террор уюму шектүүсү кечил Эндрю Брансондун эркин кое берилбеген учурунда Түркияга санкция киргизе турганы менен коркутканына социалдык медиа каражаты Твиттер аркылуу жооп берди.

Чавушоглу: «Эч ким Түркиянын эмне кыла турганына буйрук бере албайт. Келген коркутууларга эч качан чыдап тура албайбыз. Укук эрежелери ар ким үчүн жарактуу»,-деди.

АКШнын президенти Трамп, Твиттер барагы аркылуу бөлүшкөн маалыматында, «Кечил Брансон эркин кое берилбесе  АКШ санкция киргизет»,-деп жазган.

Трамптан мурда Пенс да Брансонду АКШга алып барыш үчүн иштей тургандарын белгилеп, Брансон эркин кое берилбеген учурунда Түркияга санкция киргизе тургандарын айткан болчу.



Тектеш кабарлар