Түркияда Өзгөчө кырдаал жоюлду

Түркияда 2016-жылдын 21-июлунда жарыяланып 3  айлык мөөнөттөр менен 7 жолу узартылган Өзгөчө кырдаал абалы түндө саат 1:00дөн тарта жоюлду.

1015068
Түркияда Өзгөчө кырдаал жоюлду

 

 

Фетуллахчы террор уюмунун ( ФЕТӨ ) 2016-жылдын 15-июлундагы төңкөрүш аракетинен кийин 2016-жылдын 21-июлунда жарыяланып 3  айлык мөөнөттөр менен 7 жолу узартылган Өзгөчө кырдаал абалы түндө саат 1:00дөн тарта жоюлду.

Өзгөчө кырдаал убагында бир гана ФЕТӨ эмес, ПКК,ДЕАШ сыяктуу берки террордук уюмдарга каршы да дагы таасирдүү күрөш жүргүзүлдү.

Сөзү болгон күрөштүн алкагында Түркия Улуттук Улуу Жыйында (ТУУЖ) болгон сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында Өзгөчө кырдаал; 2016-жылдын 19-октябрында, 2017-жылдын 19-январында, 2017-жылдын 19-апрелинде, 2017-жылдын 19-июлунда, 2017-жылдын 19-октябрында, 2018-жылдын 19-январында жана эң акырында 2018-жылдын 19-апрелинде болуп 7 жолу узартылды.

Конституцияга ылайык Өзгөчө кырдаал үчүн жарыя кылынган мөөнөттүн аягына дейре кайрадан узартылышы үчүн документтин Парламентке сунушталбаган учурунда Өзгөчө кырдаал абалы өзүнөн өзү жоюлган болот.

Буга караганда жалпы өлкөдө 2016-жылдын 21-июлунда бейшемби күнү саат 01:00дөн баштап жарыяланган өзгөчө кырдаал абалы, түндө саат 01:00дөн тарта соңуна чыкты.



Тектеш кабарлар