15 - Июль Улуттук биримдик күнүдө эскерүү

«15 -  Июль Демократия жана Улуттук Биримдик Күнүнөн» улам жалпы өлкөдө эскерүү иш чаралары өткөрүлдү.

1013194
15 -  Июль Улуттук биримдик күнүдө эскерүү

2016 -  жыл 15 -  июлдагы козголоң кыймылынын экинчи жылында «15 -  Июль Демократия жана Улуттук Биримдик Күнүнөн» улам жалпы өлкөдө эскерүү иш чаралары өткөрүлдү.

Өлкөнү караңгылыкка чүмкөөнү каалаган бирок  элди эсепке кошпогон Фетуллахчы террордук уюмдун мүчөлөрү эки жыл мурда козголоң кыймылын уюштурушту.

Президент Р. Т. Эрдогандын чакыруусу менен миллиондогон киши көчөлөргө чыгышты. Эл ал караңгы түндү жарыкка айландырды. Өздөрүн танкалардын астында эзилүүдөн, атылган октордон аябаган 251 патриот шейит болду. Козголоң кыймылынын экинчи жылында миллиондогон киши ал түндү унуттуруу үчүн өлкөнүн бардык жеринде чогулушту.

Эрзурумда миңдеген киши колдоруна түрк байрактарын алып аянттарга чыгышты.

Трабзондо жашы, карысы дебей  жүрүштөн кийин аянтта чогулушту. Өнөрпоз Угур Ышылак да сахнага чыкты.

Диярбакыр да каарман шейиттерин унуткан жок.

Демократия нөөмөтүнүн башка бир адреси Анталья болду.

Сиваста 55 миңге жакын киши тарыхый поезд станциясынан шаар аянтына чейин жүрүштү.

Ардахандыктар жамгырга карабастан колдоо үчүн чогулушту.

Амасия, Кастамону, Чорум жана Ыгдырда да чоң түрк байрактары менен аянттарга чогулушту. Ыгдырда жарандар 200 метрдик түрк байрагы менен жүрүштү.

Дүзжеде Мехтер командасынын концерти менен башталган иш чарада миңдеген жаран түрк байрактары менен чыгышты.

Малатья, Кайсери, Газинатеп жана Эскишехирде Куран окулуп, дуа кылынды.

Кырыккале, Кахраманмараш жана Хатайда болсо Мехтер командасы миңдеген кишинин демократия нөөмөтүн коштоду.

15   июль күнү козголоң кыймылында элге кыянаттыкка каршы биримдик руху жана руханий күчтү колдоо үчүн окулган дуалар ФЕТӨнүн козголоң кыймылынын экинчи жылында кайрадан окулду.



Тектеш кабарлар