Түрк эли өз желегин бийиктерге көтөрөт

Вице-президент Фуат Октай 15-июлга карата өз бидирүүсүн жарыялады.

1012663
Түрк эли өз желегин бийиктерге көтөрөт

Вице-президент Фуат Октай: «Малазгирт, Сакария, Кутүл Амаре согуштары жана 15-июлда болгону сыяктуу улутубуз көз карандысыздыгын жана келечегин коргоп, өз желегин бийиктерге желбиретет»,-деп айтты.

Октай 15-июль төңкөрүш аракетинин экинчи жылдыгынан улам расмий Твиттер баракчасынан өз бидирүүсүн бөлүштү.

Фетуллахчы террор уюмунун 2016-жылдын 15-июлундагы ийгиликсиз төңкөрүш аракетинде, президент Режеп Таййип Эрдогандын лидерлигинде жана Чанаккале руху менен улуттун кайра жаралышына өбөлгө болгон түрк улутуна ыраазычылык билдирген Октай шейиттерди таазим кылып эскерип, ардагерлерге узак өмүр каалады.

Октай билдирүүсүндө: ««Малазгирт, Сакария, Кутүл Амаре согуштары жана 15-июлда болгону сыяктуу улутубуз көз карандысыздыгын жана келечегин коргоп, өз желегин бийиктерге көтөрөт»,-деген сөздөрдү жазды.



Тектеш кабарлар