Түркия Эфиопия жана Эритрея декларациясын ыраазычылык менен кабыл алды

Түркия Эфиопия жана Эритреянын ортосунда кол коюлган биргелешкен декларацияны ыраазычылык менен кабыл алгандыгын билдирди.

1010364
Түркия Эфиопия жана Эритрея декларациясын ыраазычылык менен кабыл алды

Түркия тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзгөн эки коңшу өлкө Эфиопия жана Эритреянын ортосунда кол коюлган биргелешкен декларацияны ыраазычылык менен кабыл алгандыгын билдирди.  

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта бул сөздөр орун алды : «Африкада ырааттуулукка маани берген бир өлкө катары Эфиопия жана Эритреянын ортосундагы карым  - катнаштарды калыбына келтирүүгө карата ташталган кадамдарды жана акыркы болуп Эфиопиянын премьер  - министри Абий Ахмеддин Эритреяга жасаган сапарында Асмарада Эритрея жана Эфиопиянын ортосунда кол коюлган орток декларацияны ыраазычылык менен кабыл алабыз».

Эки көңшу өлкө жана калкынын ортосунда карым  - катнаштардын калыбына келиши эки өлкөнүн өнүгүшүн жана бейкуттугун колдой тургандыгы баса белгиленген маалыматта бул калыбына келтирүүнүн Африка мүйүзү аймагында тынчтык, ырааттуулук жана кенен масштабдуу кызматташтыкка да себеп болору боюнча ишенич бөлүшүлдү.

Эритеря  информация министри Йемане Гебремескел дүйшөмбү күнү социалдык медиа эсебинен берген маалыматта Эритреянын мамлекет башчысы Исаиас Афеверки жана Эфиопиянын премьер  - министри Абий Ахмеддин борбор шаар Асмарада орток тынчтык жана достук декларациясына кол койгондугун жарыялаган.



Тектеш кабарлар