Түркия Керкүктөгү кол салууну айыптады

Кол салууда алгачкы белгилөөлөргө караганда бир кишинин каза болгондугу жана 21 кишинин жаралангандыгы белгиленди.

1003638
Түркия Керкүктөгү кол салууну айыптады

Түркия Ирактын Керкүк шаарында шайлоо  үкөктөр сакталган жерге жасалган бомбалуу кол салууну катуу айыптады.

Тышкы иштер министрилгинен берилген маалыматта Керкүктө бюллетендер сакталган жерге бомба жайгаштырылган унаа менен жасалган жан кечтилик кол салууда алгачкы белгилөөлөргө караганда бир кишинин каза болгондугу жана 21 кишинин жаралангандыгы белгиленди.

Маалыматта : « Террордук кол салууну айыптап жана каза болгон ирактык бир туугандарыбыздын жакындарына көңүл айтабыз жана жаралуулардын бат айыгып кетишин тилейбиз. Тийиштүү Ирак мекемелеринин Керкүктөгү шайлоого байланыштуу мыйзамсыздык ырастоолору тууралуу териштирүүнү ылдам жана так түрдө аяктоолорун жана аймакта коопсуздукту түзүү үчүн керектүү бардык чараларды көрүүлөрүн күтүп жатабыз»,- деп билдирилди.



Тектеш кабарлар