Президенттиктин катчысы Аль Жазирага маалымат берди

Президенттиктин катчысы Ибрахим Калын Түркиянын Палестина маселесинин ар дайым жактоочусу болгондугун айтты.

998112
Президенттиктин катчысы Аль Жазирага маалымат берди

Президенттиктин катчысы Ибрахим Калын Түркиянын Палестина маселесинин ар дайым жактоочусу болгондугун айтты.

Президенттиктин катчысы Калын Аль Жазира телекөрсөтүүсүнө маалымат берди. Калын батыш медиасын да Түркиядагы саясий чындыктарды жаңылыш окуу менен сынга алды.

Президенттиктин катчысы Ибрахим Калын батыш медиасынын Түркияга болгон мамилесин сынга алып : «Аткарган иштери журналисттик эмес, саясий активисттик»,- деди.

Ибрахим Калын Түркиянын колунун дүйнөнүн төрт тарабына жеткендигине көңүлдөрдү бурду. Калын : «Түркия баарына жардам берди. Бир гана мусулмандарга эле эмес, Сомалини караңыздар, Палестинаны, Кудсту, Газаны караңыздар. Эч бир өлкөнүн кылбаганын Түркия аткарды»,- деди.

Ибрахим Калын Кудс тууралуу  БУУда тарыхый бир ийгиликке жетишинде Түркиянын жол башчылык кылгандыгын айтты.

Катчы Калын Түркия көптөгөн жылдар Палестина доосунун эң чоң жактоочусу болду. АКШнын Кудс чечимин эл аралык коомчулуктун күн тартибине алып келип, БУУнун Жалпы Кеңешинде 128 өлкөнүн колдоосу менен тарыхый бир ийгиликке жетүүгө мүмкүнчүлүк түздү»,- деди.



Тектеш кабарлар