Этноспорт эртең башталат

Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясы бул жылы  6 -  өткөрүлө турган фестиваль төрт күнгө созулат. Стамбул Ататүрк аэропортунда өткөрүлө турган фестивалдагы иш  - чарага катышуу акысыз.

2149203
Этноспорт эртең башталат

Эртең Стамбулда  6 -  Этноспорт маданият фестивалы башталат.

Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясы бул жылы  6 -  өткөрүлө турган фестиваль төрт күнгө созулат. Стамбул Ататүрк аэропортунда өткөрүлө турган фестивалдагы иш  - чарага катышуу акысыз.

Этноспорт маданият фестивалына  30 өлкө катышат. Фестивалда салттуу спорттор жана оюндар, салттуу искусство, гастрономия, сахна өнөрү сыяктуу бир топ темада иш  -  чаралар өткөрүлөт.

Фестивалда бардык курактагы конокторду кызыктырган иш - чаралар сунушталат.

Келген коноктор профессионалдардын коштоосунда жаа атуу, атка минүү сыяктуу көптөгөн салттуу спорт жана оюндарды акысыз көрүүгө мүмкүнчүлүк табышат.   Ошол эле учурда аянттагы ательелерди салттуу искусство боюнча тажрыйба алуу мүмкүнчүлүгү берилет.

Фестивалдын жүрүшүндө келген коноктор салттуу спорт жана оюндар, жаратылыш жана жаныбарлар менен байланыш сыяктуу темаларда маалымат алуу мүмкүнчүлүгүнө да жетишет.  

Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясы катышуучуларга дүйнөлүк ашканадан даамдарды тартуулайт.

Салттуу сопрттор жана оюндарды жандандырууну максат кылган Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясы Түркиянын фото искусство федерациясы менен биргеликте 6 - Этноспорт маданият фестивалынын алкагында фото жарыш уюштурат.



Тектеш кабарлар