Президент Р.Т. Эрдоган Түркиянын ылдам түрдө ядролук энергетикага багыт аларын билдирди

Ядролук энергетика тармагына байланыштуу билим алуу үчүн 300гө жакын студент Орусияга жиберилди.

994910
Президент Р.Т. Эрдоган Түркиянын ылдам түрдө ядролук энергетикага багыт аларын билдирди

 

Президент Эрдоган социалдык медиада атайын жарыяланган «Жаштыктын жана технологиянын жолугушуусу» аттуу программасында жаштардын суроолоруна жооп берди.

Мерсин Аккуюда ядролук станциянын курулушунун улантылып жаткандыгын баса белгилеген Эрдоган экинчи станциянын да Синопто куруларын, үчүнчү станция үчүн сүйлөшүүлөрдүн улантылып жаткандыгын айтты.

Ядролук станциянын алдыңкы технология экендигин белгилеген Эрдоган ядролук энергетика тармагына байланыштуу билим алуу үчүн 300гө жакын студенттин  Орусияга жиберилгендигин эске салды.

Түркиянын ядролук станциялар тууралуу Япония жана Франция менен да иш алып баргандыгын айткан Президент Эрдоган : «Аны бүтүргөндөн баштап дагы ошончолук, балким дагы көп жаштарыбызды, студенттерибизди ал жакка жиберебиз. Үчүнчүнү да Кытай менен бирге куруу ыктымалы сөз болууда. Келише турган болсок ал жакка да студенттерибизди жиберебиз. Алар ал жерде билим алышат. Ушундайча Түркия энергетика муктаждыгынын чоң бөлүгүн ядролук энергетика менен камсыздаган болот. Буга муктажбыз»,- деди.

«Ядролук энергетика экологиялык булгануу коркунучу»,- дегендерди эске салган Президент Эрдоган : «Дүйнөдө ядролук энергетиканы колдонгон өлкөлөр кайсы өлкөлөр деп караганыбызда  бул ишке каршы экендигин айткандардын көпчүлүгүндө ядролук энергетика станциялары көп санда бар. Эми бул оюнга алданбайбыз»,- деди.



Тектеш кабарлар