Украинанын президенти Петр Порошенко ТАНАПтын аймактын бейкуттугуна салым кошорун айтты

Петр Порошенко проектинин Европанын энергетика коопсуздугу жана газ булактарынын түрдөнтүлүшү жактан мааниге ээ экендигин айтты

991770
Украинанын президенти Петр Порошенко ТАНАПтын аймактын бейкуттугуна салым кошорун айтты

Украинанын президенти Петр Порошенко Түркия менен Азербайжандын орток чечкиндүүлүгү жана башка Европа өлкөлөрүнүн кошкон салымы менен  түштүк газ коридорунун маанилүү бөлүгүнүн бүткөндүгүн билдирди.

Эскишехирде өткөрүлгөн Транс Анадолу Жаратылыш газ Түтүк Жолу проектиси ТАНАПтын ачылуу аземинде сөз сүйлөгөн Порошенко : «ТАНАПтын ачылышы узун убактыттан бери улантылып келе жаткан Түркиянын Трансатлантика аймагындагы ролун гарантияга алууда»,- деди.

Петр Порошенко проектинин Европанын энергетика коопсуздугу жана газ булактарынын түрдөнтүлүшү жактан мааниге ээ экендигин айтты.

Порошенко ТАНАПтын бардык аймактын бейкуттугуна чоң салым кошорун белгилеп : «Ошол эле учурда жаңы жаратылыш газ булактарын да кошо ала келе турган жана буларды Европа энергетика системасына кошот. Украина бул проектиге толугу менен колдоо берет. Бүгүн өз энергетика булактарыбызды түрдөнтүү максатында Укрина катары ТАНАПтын Болгария жана Румыния аркылуу жаратылыш газ алуу үчүн муну ишке ашырууну каалайбыз»,- деди.

Украинанын дайыма экономикалык жактан Европа инциативин колдогондугун белгилеген Порошенко : «Каспий деңизинен жаратылыш газды бир гана Украинага эмес, бардык аймактын колдоно аларын ойлоп жатам. Дагы бир жолу досум, түрк калкынын лидери, Украинанын чоң досуна рахмат айткым келет»,- деди.

 



Тектеш кабарлар