Түндүк Ирактагы Кандилге кеңири масштабдуу операция жүргүзүү үчүн сүйлөшүүлөр жүрүп жатат

Жеке менчик бир телеканалда күн тартипке сереп салган Чавушоглу, Түндүк Ирактагы Кандилге кеңири масштабдуу кургактык операциясынын жүргүзүлүү ыктымалдуулугу тууралуу суроолорго жооп берди.

992006
Түндүк Ирактагы Кандилге кеңири масштабдуу операция жүргүзүү үчүн сүйлөшүүлөр жүрүп жатат

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Түндүк Ирактагы Кандилге кеңири масштабдуу операция жүргүзүү үчүн Иран менен сүйлөшүлгөнүн белгилеп: «Бул иштин аянттагы жагы бар, андан башка дипломатияда жасалышы керек болгондор бар. Иран менен да сүйлөшүүдөбүз»,-деди.

Жеке менчик бир телеканалда күн тартипке сереп салган Чавушоглу, Түндүк Ирактагы Кандилге кеңири масштабдуу кургактык операциясынын жүргүзүлүү ыктымалдуулугу тууралуу суроолорго жооп берди.

Чавушоглу: «Чек арабыздын ары жагындагы бул коркунучту тазалашыбыз керек. Иракта, кайда болсо болсун бул террористтерди тазалайбыз. Аскерлерибиз, чалгындоо кызматыбыз техникалык жактан эмне кылынышы керектиги темасында техникалык иштерди аткарып жатат. Бул иштин аянттагы жагы бар, андан башка дипломатияда жасалышы керек болгондор бар. Иран менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөбүз. Алар үчүн да ПКК/PJAK коркунуч болуп саналат»,-деди.

АКШ менен Түркиянын ортосунда макулдашуу түзүлгөн Манбиж жол картасы тууралуу суроолорго да жооп берген Чавушоглу, ЙПГ мүчөлөрүнүн Манбижден чыгып кетүү процесси тууралуу буларды айтты: «ЙПГнын чегиниши деген, куралдарын ташташы дегенди берет. АКШ курал берген, аны да жашырган жери жок, эми бербеймин деп жатат. Бул жерлерди ырааттуулукка жеткирүүбүз үчүн бул куралдардын артка алынышы керек. Биргелешип иштеп эмне жасалып жасалбаганын көрөбүз. Куралдарды да бергендер чогултат. Жол картасынын максаты АКШнын убадасына турушу. Эми бул иштерди ара-чолодо калтыруу же алагды кылуунун кереги жок. Биргелешип иштейбиз, бирге көрөбүз. Куралдардын алынышы темасында да сериа номерлерин алгандарын жана куралдарды кайтарып ала тургандарын айтты. АКШнын президенти Дональд Трамп муну Президентибиге айтты».



Тектеш кабарлар