Түркия Иракка аккан сууну токтотпойт

Түркиянын Ирактагы элчиси Фатих Йылдыз,Ирактын борбор шаары Багдаддагы Элчилик имаратында маалымат жыйын өткөрдү.

987111
Түркия Иракка аккан сууну токтотпойт

Түркиянын Ирактагы элчиси Фатих Йылдыз, Ылысу суу сактагычына 1-июндан тарта суу толтурула баштоосунун себебинен Иракта суунун үзгүлтүккө учурабай турганын, аймакка суу берилиши улана турганын айтты.

Йылдыз, Ирактын борбор шаары Багдаддагы Элчилик имаратында өткөргөн маалымат жыйынында Түркиянын ар дайым сууларды сакташ үчүн иштегенин, суу маселесин Анкара менен Багдаддын ортосунда кызматташтык үчүн тармакка айлантканын белгилеп өттү.

Ирак тарабы менен өткөн айда 1-июнь-1-ноябрь күндөрүнүн аралыгында Ылысу суу сактагчында суу толтурулушуна байланыштуу кандай жол жүргүзүлө турганы темасында макулдашкандарын айткан Йылдыз, коомдук пикирде Ылысуу тууралуу көз жаздымда калтырылган айрым жагдайлар болгонуна көңүл бурду.

Элчи Йылдыз: «Ылысу суу сактагычына суу толтура баштаганыбызда сууну толугу менен токтотобуз деген түшүнүк болбойт. 15-майда макулдашылган жагдай да суунун агымы кандай боло турганы жөнүндө. Ошондуктан суу токтотулбайт, агуусу уланат. Суунун маанилүү бөлүгү учурда Иракка берилүүдө»,-деп айтты.

Түркиянын коңшу өлкөлөр менен кеңешпестен Ылысу суу сактагычы тууралуу кадам таштабай турганын баса белгилеген Йылдыз, суунун жээктеш өлкөлөргө таандык болгондугунан улам бир жактуу эмес, биргелешкен кадамды таштагандарын түшүндүрдү.



Тектеш кабарлар