ФЕТӨ эң аз ДЕАШ сыяктуу динге зыян тийгизди

Ибрахим Калын, Түркиянын Балканда уланткан экономикалык, саясий жана маданий иштерине көңүл бурду.

984740
ФЕТӨ эң аз ДЕАШ сыяктуу динге зыян тийгизди

 

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, Түркиянын Балканда уланткан экономикалык, саясий жана маданий иштерине көңүл бурду.

Гезитине жазган макаласында Түркиянын Балкан саясатына баа берген Калын, Фетуллахчы террор уюму/параллель мамлекеттик түзүмү (ФЕТӨ/ПДЙ) эскертүүсүн кылып: «ФЕТӨ бир гана Түркияга эмес, Балкан өлкөлөрүнө да коркунуч жаратууда. ФЕТӨ эң аз ДЕАШ сыяктуу динге зыян тийгизди»,-деди.

Калын, Түркиянын Балкан өлкөлөрүнүнүн бардыгында этникалык жана диний өздүктөрүнө карабастан маанилүү инвестицияларды салганын маалымдады.

Ибрахим Калын, Түркиянын Балкан көз карашын «саясий ырааттуулук, экономикалык өнүгүү жана маданий өркүндөө» түрүндө үч таманын астында талдады.

Түркиянын Балкан өлкөлөрүн саясий жактан коопсуз кылыш үчүн бардык иш-аракеттерди колдогонун белгилеген Калын: «Түркия, Балкан өлкөлөрүнүн коопсуздук күчтөрүнө билим берип, колдоо көрсөтүүдө. Балкан өлкөлөрүнүн НАТО жана Европа Биримдигине мүчөлүктөрүн колдойбуз. Аймактын саясий ырааттуулугу бир гана Европа үчүн эмес, дүйнө жүзүнүн бардыгы үчүн чоң мааниге эгедер»,деген серебин салды.


Этикеткалар: #ФЕТӨ , #Калын

Тектеш кабарлар