ТИКАдан Палестинага медициналык жардам

ТИКА Палестинанын Аль  - Халил шаарындагы Аль  - Ехли мамлекеттик ооруканасында кычкылтек өндүрүү бөлүмүнүн ачылышын ишке ашырды.

983113
ТИКАдан Палестинага медициналык жардам

Түрк Кызматташтык жана Координация агенттигинин башкармалыгы ТИКА Палестинанын Аль  - Халил шаарындагы Аль  - Ехли мамлекеттик ооруканасында кычкылтек өндүрүү бөлүмүнүн ачылышын ишке ашырды.

ТИКА Палестина программасынын координатору Бүлент Коркмаз оорукананын узун убакыттан бери бул бөлүмгө муктаж экендигин жана мындан мурда Израилден бул кызматты сатып алгандыгын белгиледи.

Түркиянын колдоосу менен оорукананын бул бөлүмгө жетишкендигин айткан Коркмаз жылда 150 миңден ашуун оорулууну тейлеген оорукананын бул жардам менен олуттуу катнашта финансылык чыгымдан кутулгандыгын айтты.

ТИКАнын Батыш Шериа, Чыгыш Кудс жана Газа тилкесинде Палестина калкына бир топ тармакта жардам берүү үчүн бир топ проектини жүргүзүүнү уланткандыгын айткан Коркмаз Түркиянын колдоосу менен Газа тилкесинде курулган Түркия  - Палестина Достук ооруканасынын 95 пайыздык бөлүгүнүн да Түркиянын колдоосу менен камсыздалып, иштегендигин белгиледи.



Тектеш кабарлар