Германиянын террор уюмун жактоочуларга митинг өткөрүү укуксатын бериши укукка жатпайт

Түркиянын Европа Биримдиги (ЕБ) боюнча министри жана башкы сүйлөшүүчүсү Өмер Челик, Германиянын террор уюмун жактоочуларга митинг өткөрүү уруксатын беришин сынга алды.

979728
Германиянын террор уюмун жактоочуларга митинг өткөрүү укуксатын бериши укукка жатпайт

Түркиянын Европа Биримдиги (ЕБ) боюнча министри жана башкы сүйлөшүүчүсү Өмер Челик, Германиянын террор уюмун жактоочуларга митинг өткөрүү уруксатын беришин сынга алып: «Германиянын террор уюмун жактоочулар тарабынан өткөрүлгөн митингге уруксат бериши, демократия жана укук түшүнүгүнө шайкеш келбейт»,-деди.

Челик, расмий Твиттер барагынан, «Германиянын террор уюмун жактоочулар тарабынан өткөрүлгөн митингге уруксат бериши, демократия жана укук түшүнүгүнө шайкеш келбейт. Немис органдарынын уруксаты менен террордук митинг өткөрдү»,-деп айтты.

Бул иш-чараларга уруксат бергендер, өз демократия жана укук түшүнүктөрүн бул уюмдун катарына жазганын баса белгилеген Челик: «Террор адамзат кылмышы болуп саналат. Террордук кыймылдарга уруксат бергендер адамзатка каршы кылынган кылмыштар менен күрөшүп жаткандарын айта алышпайт»,деген серебин салды.

Челик, ПКК террор уюмунун карамагына алынышынын, немис органдарынын уруксаты менен ишке ашканына көңүл буруп: «Немис органдары ачык эле террор уюмунун Европанын ортосунда иш-аракетин кылышына уруксат берүүдө»,-деп баса белгиледи.

Укук жана демократия түшүнүгү жагынан күрөш жүргүзүлүшү керек болуп турганда террордук иш-чараларга, расмий органдар өздөрү уруксат беришинин эми эч кандай себеп менен ачыктала албагыдай түрдө террорду карамагына алуу түшүнүгүн бергенин белгилеген Челик: «Террордук уюмдардын ортосунда жакшы же жаман сыяктуу бөлүүчүлүк кылган демократиялардын өз мыйзамдуулуктарын начарлатуудан башка иш кылбагандары ачык. Террорду карамагына алып өз демократияларына, өздөрү кол салган болууда»,деген серебин салды.



Тектеш кабарлар