Президент Р. Т. Эрдоган менен Муктеда ес - Садрдын телефон аркылуу сүйлөшүүсү

Эрдоган Түркиянын Ирактын биримдигине маани бергендигин белгилеген сүйлөшүүдө Иракта шайлоодон кийин өкмөттүн курулушунда да Муктеда ес  - Садрга ийгилик каалады.

979315
Президент Р. Т. Эрдоган менен Муктеда ес  - Садрдын телефон аркылуу сүйлөшүүсү

 Президент Р. Т. Эрдоган Ирактагы жалпы шайлоодо  эң жогорку добушту алган  «Саирун» биримдигинин лидери Муктеда ес  - Садрга телефон чалып куттуктады.

Кечки сааттарда өткөн телефон аркылуу сүйлөшүүдө Президент Эрдоган Иракта ДЕАШтын жеңилүүгө учурашы менен 12-  майда болгон шайлоонун жыйынтыктарынын  бардык ирактыктар үчүн пайдалуу болушун каалады.

Эрдоган Түркиянын Ирактын биримдигине маани бергендигин белгилеген сүйлөшүүдө Иракта шайлоодон кийин өкмөттүн курулушунда да Муктеда ес  - Садрга ийгилик каалады.

Президент Эрдоган ирактык түркмөндөрдүн Керкүктөгү шайлоодо кээ бир мыйзамсыздыктардын болгондугун жана мунун өздөрүнө зыянын тийгизгендигин айтышкандарына токтолуп, Мутеда ес  - Садрдан буларды тактап жана оңдоо үчүн керектүү жардамды беришин суранды.

Муктеда ес – Садр да Иракта түркмөндөр да болгон бардык элдердин укуктарынын сакталарын айты.

Президент Эрдоган жана Муктеда ес  - Садр сүйлөшүүдө Түркия  - Ирак ортосундагы карым  - катнаштарды  өнүктүрүүдөгү чечкиндүүлүктөрүн баса белгилешти.



Тектеш кабарлар