Түркия Грецияга качкан козголоңчуларга башпаанек укугунун берилишине каршылык көрсөттү

Түркия, Фетуллахчы террор уюмунун (ФЕТӨ) 2016-жылдын 15-июлундагы төңкөрүш аракетинен кийин Грецияга качкан козголоңчуларга башпаанек укугунун берилишине каршылык көрсөттү.

978030
Түркия Грецияга качкан козголоңчуларга башпаанек укугунун берилишине каршылык көрсөттү
omer celik.jpg

Түркия, Фетуллахчы террор уюмунун (ФЕТӨ) 2016-жылдын 15-июлундагы төңкөрүш аракетинен кийин Грецияга качкан козголоңчуларга башпаанек укугунун берилишине каршылык көрсөттү.

Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү жарыясында Грециянын Мамлекеттик кеңешинин эл аралык укук эрежелерин тебелеп козголоңчу Сүлейман Өзкайнакчыга башпаанек укугун тааныганы белгиленип, бул сөздөргө орун берилди: «Ушундайча Грециянын козголоңчуларды коргогон жана аларды колдогон өлкө экени эл аралык коомчулук жаатында тастыкталды. Түрк улутунун абийирин терең жаралаган бул чечимди катуу айыптайбыз. Алдыбыздагы мезгилде грек юстициясынын бул бир жакка тарткан чечимине окшогон жаңылыштыктарды кайталабоосун каалайбыз».

Түркиянын Европа Биримдиги боюнча министри жана башкы сүйлөшүүчү Өмер Челик да, Грецияда Мамлекеттик кеңешчиликтин ФЕТӨнүн төңкөрүш аракетинен кийин бул өлкөгө качкан козголоңчуларга башпаанек укугу берилишинин бир өлкө үчүн боло турган эң эле уяттуу чечим болгонун белгилеп, «Шексиз Түркияга каршы Түркия душмандарынын жанында орун алды бул аң-сезим»,деген серебин салды.

Челик, Грециянын Мамлекеттик кеңешинин чечимдерине Твиттер барагынан сереп салып: «Грецияда Мамлекеттик кеңеш, 15-июлдагы төңкөрүш аракетинен кийин ал өлкөгө качкан козголоңчуларга башпаанек укугун берүү чечимин чыгарды. Бул бир өлкө үчүн эң эле уят нерсе болуп саналат. ЕБнин мүчөсү Грециянын укук системасы Түркияда демократияны жоюга багытталган төңкөрүш аракетин кылган террористтерди коргоого алуу чечимин чыгарды. Демократияга каршы террористтерди коргогон бул адилетсиз укук түшүнүгүнүн келип жеткен жери чоочутат. Шексиз Түркияга каршы да Түркия душмандарынын жанында орун алды бул аң-сезим».



Тектеш кабарлар