Эрдоган - Мадуро телефон сүйлөшүүсү

Сүйлөшүүдө Эрдоган мамлекет башчылыгына кайрадан шайланышынан улам  Николас Мадурону куттуктады.

976937
Эрдоган  - Мадуро телефон сүйлөшүүсү

Президент Р. Т. Эрдоган Венесуэланын мамлекет башчылыгына кайрадан шайланышынан улам  Николас Мадурого телефон чалып сүйлөштү.
Президент Р. Т. Эрдоган сүйлөшүүдө Венесуэлада 20 -  майда болгон президенттик шайлоодо биринчи турда жеңиш менен чыккан Мадурону кайрадан шайланышы менен куттуктады.

Президент Эрдоганга рахмат айткан Мадуро болсо түрк калкын Рамазан айы менен куттуктады.

Эки лидер сүйлөшүүдө Түркия менен Венесуэланын ортосундагы карым  - катнаштарды бардык тармактарда өнүктүрүү тууралуу чечкиндүүлүктөрүн баса белгилешти.



Тектеш кабарлар