Дүйнөлүк банктан Туз көлүнө насыя
Дүйнөлүк банк 600 миллион долларлык насыяны бекитти.
976967
![Дүйнөлүк банктан Туз көлүнө насыя](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/8d0c/4bc9/4f60/5b0506aed2b60.jpg?time=1718837628)
Дүйнөлүк банк Туз көлүнө 600 миллион долларлык насыя бекитти.
Дүйнөлүк банктын Аткаруу директорлору кеңеши тарабынан бекитилген 600 миллион долларлык насыя аркылуу Туз көлүндөгү газ топтоо ишканасы кеңейтилет.
Биринчи 7 жылы кайтарымсыз болуп жалпы 22 жарым жылдык насыянын негизинде Туз көлүндө 1 миллиард метр куб болгон газ топтоо көлөмү 4 миллиард метр кубга көбөйөт.
Туз көлүндөгү жер астына газ запастоо ишканасында биринчи газ 2017-жылдын 10-февралында президент Режеп Таййип Эрдоган да катышкан азем менен үйлөтүлө баштаган болчу.
Туз көлү, Ички Анадолу аймагында Анкара, Конья жана Аксарай областтарынын арасында жайгашкан.