Судандын Түркия менен күчтүү мамилеси бар
Судандын премьер - министри Бекир Хасан Салих өлкөсү жана Түркиянын ортосунда түзүлгөн келишимдердин эки өлкөнүн карым - катнаштарын күчтөндүргөндүгүн белгиледи.
Судандын премьер - министри Бекир Хасан Салих өлкөсү жана Түркиянын ортосунда түзүлгөн келишимдердин эки өлкөнүн карым - катнаштарын күчтөндүргөндүгүн белгиледи. Түркиянын Хартум элчиси Ирфан Незироглун президенттик сарайында кабыл алган Салих акыркы мезгилдерде өнүккөн Түркия - Судан карым - катнаштарынан мактоо менен сөз кылды. Салих : «Судандын Түркия менен күчтүү карым - катнашы бар. Президент Р. Т. Эрдогандын өлкөбүзгө жасаган сапарында бир топ тармакта келишимге кол коюлду. Соода, маданий жана экономикалык келишимдер эки өлкөнүн кызматташтыгын күчтөндүрдү»,- деди.
Элчи Незироглу болсо Судандын президенти Өмер ел - Беширдин 18 - майдагы Ислам Кызматташтык Уюмунун Кудс саммити үчүн Стамбулга келгендигин жана эки өлкөнүн карым - катнаштарынын күчтөнүшү үчүн Президент Эрдоган менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөндүгүн эске салды.
Түркиянын Судан карым - катнаштарына чоң маани бергендигин билдирген Незироглу : « Бири бирибизге жасалган сапарлар менен эки өлкөнүн ортосундагы байланыш дагы өсөт. Бул жылдын ичинде эки өлкөнүн ортосундагы Саясий Кеңешүү Комитетинде чогулат. Бул жыйындын экономикалык жана соода карым - катнаштарына салым кошот»,- деди.
Президент Эрдоган 2017 - жылы декабрда түрк ишкерлери менен Суданга барып эки өлкөнүн ортосунда соода, экономикалык жана маданий тармактарда 12 келишимге кол койгон.