Исмаил Кахрамандын 19-Майга карата билдирүүсү

Парламенттин төрагасы Кахраман 19-Май Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамынан улам өз билдирүүсүн жарыялады.

974144
Исмаил Кахрамандын 19-Майга карата билдирүүсү

Түркия Улуттук Улуу Жыйынынын Төрагасы Исмаил Кахраман 19-Май Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамынан улам куттуктоо билдирүүсүн жарыялады.

Исмаил Кахраман билдирүүсүндө, боштондук жана бакубаттуулуктун мурасчыларынын жаштар экенин баса белгиледи.

Парламенттин төргасы: «Мекен, желек сүйүүсү менен жетилген жаштарыбыз, ата-бабаларынан өткөрүп алган мурасты акыл жана билимдин жетекчилиги астында келечекке алып барышат»,-деди.

Исмаил Кахраман, мекенди душмандардын басып алуусунан куткаруу үчүн өз жандарын берген бардык шейит жана ардагерлерге таазим кылганын айтты.



Тектеш кабарлар