Эрдоган Рамазан айы менен куттуктоосунда Кудс үчүн да кейиди

Эрдоган, бүтүндөй Ислам дүйнөсүн ыйык Рамазан айы менен куттуктады.

972209
Эрдоган Рамазан айы менен куттуктоосунда Кудс үчүн да кейиди

Түрк президенти Режеп Таййип Эрдоган, бүтүндөй Ислам дүйнөсүн ыйык Рамазан айы менен куттуктады. Эрдоган, Англиядагы жолугушууларын аяктап Түркияга кайтып келе жаткан учакта, жубайы Эмине Эрдоган менен бирге рамазан айынын алгачкы күнүндө ооз бекитти.

Учакта Эрдоган рамазан айына байланыштуу элине видео билдирүүсүн жарыялады. Анда: « Сүйүктүү элим башы кайрымдуулук, ортосу кечиримдүүлүк, аягы тозоктун отунан кутулуу болгон ыйык Рамазан айы менен куттуктаймын»,- деп сөзүн баштаган Эрдоган: «Көптөгөн берекелүү зоорлор жана артынан ооз ачуулар менен иншаллах биримдик, ынтымак туруктуу болгон Рамазан айы менен, учурда Рамазан айына кандай кайрымдуу кирсек Жаратканым бизди аман-эсен Орозо айт майрамына жеткирүүсүн тилеймин. Албетте бул Рамазан айына, Кудстагы Израиль кыргыны менен кирүүдөбүз, бул жагымсыз жосун. Бардык шейиттерибиздин жаткан жери жайлуу болушун тилеймин. 2500дөн ашуун жаралуу бар, жаралуулардын да тез сакайып кетишин тилеймин. Ушул себеп менен биримдигибиз, ынтымагыбыз туруктуу болсун деп, эмитеден 24-июнь шайлоолорунун өлкөбүз, улутубуз үчүн пайдалуу болушун тилеймин».

Эрдоган ушул эле видеону Инстаграм жана Фейсбук баракчасына да бөлүштү.



Тектеш кабарлар