Эрдогандын телефондогу дипломатиясы

АКШнын Тель-Авивдеги элчилигин Кудска көчүрүүсү жана Израиль аскерлеринин палестиналык митингчилерди бутага алган кол салуулары каралды.

971710
Эрдогандын телефондогу дипломатиясы

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Палестинадагы акыркы абалдар тууралуу Иорданиянын королу 2-Абдуллах жана Малазиянын премьер-министри Махатир Мухаммед менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Анда АКШнын Тель-Авивдеги элчилигин Кудска көчүрүүсү жана Израиль аскерлеринин палестиналык митингчилерди бутага алган кол салуулары каралды.

Лидерлердин Ислам Кызматташтык Уюмунун жума күнү Стамбулда өткөрүүнү пландаган кезексиз жыйналыштан тартып, бул тема тууралуу кандай кадамдар таштала турганы тууралуу пикир алмашкандары белгиленди.

Президент Эрдоган, Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас менен да кечээ кечинде ушул алкакта телефон сүйлөшүүсүн өткөргөн.



Тектеш кабарлар