АКШны тарых кечирбейт...

Расмий сапар менен Англияга барган Эрдоган, премьер-министр Тереза Мэй менен жолугушуусунан кийин биргелеше маалымат жыйын өткөрдү.

971801
АКШны тарых кечирбейт...

Президент Режеп Таййип Эрдоган, тарыхтын АКШны кечирбей турганын, Израилди болсо эч кечирбей турганын айтты.

Расмий сапар менен Англияга барган Эрдоган, премьер-министр Тереза Мэй менен жолугушуусунан кийин биргелеше маалымат жыйын өткөрдү.

Израилдин палестиндерге кыргын салуусуна дагы бир жолу наалат айткан Эрдоган, АКШнын бул окуяларга себеп болгон Элчилигин Кудска көчүрүү чечимин эч качан кабыл албай турганын кайталады.

БУУнун дароо иш-аракет кылып бул зулумдукка бөгөт коюшу керектигин айткан Эрдоган, Газа чек арасында 61 палестин шейит болгон мыкаачылыкты кылгандарды АКШнын көкүткөнүн баса белгилеп, «АКШ, тарых сени кечирбейт. Бул чындыкты көрөбүз. Израиль сени эч качан кечирбейт. Муну да көрөбүз»,-деп айтты.  

АКШнын аймактагы араздашуунун чечилүүсүнө карай арачы эмес тарап болгонун моюнга алганын белгилеген Эрдоган: «61 палестиндин каза болушуна, 2700 кишинин жаракат алышына себепчи болгон кол салуулар бул саясаттарынын жыйынтыгы болуп саналат. Бул мыкаачылыкка дагы бир жолу наалат айтамын. Израиль күчтүүмүн демек акылуумун деп кадам таштады. Израиль ал жерде баскынчы жана террордук кыймылдарын жүргүзүүдө»,-деп айтты.

Президент Эрдоган: «Эл аралык коомчулукту жана БУУну убакыт коротпостон иш-аракет  кылууга, Палестинадагы бул зулумдукту токтотууга чакырамын»,-деди.

Эрдоган, жума күнү Стамбулда боло турган Ислам Кызматташтык Уюмунун кезексиз жыйналышында дүйнө жүзүнө абдан күчтүү маалымат бериле турганын айтты.

Сөзүндө террор темасына да токтолгон президент, ПКК, Фетуллахчы террор уюму (ФЕТӨ) сыяктуу террордук уюмдун мүчөлөрүнүн кайтарылышы темасында Англия менен кызматташтыктын өнүктүрүлүшүн каалагандарын билдирди.

ФЕТӨ жана ПККга мүчө террористтердин ысым тизмелерин Мэйге бергенин белгилеген Эрдоган, «Булар кайтарылсын террорго каршы биргелешкен күрөшүүбүздү уланталык»,-деп айтты.

Президент Эрдоган, Англиянын премьер-министри Мэйди эң кыска убакта Түркияга күткөндөрүн да кошумчалады.

Тереза Мэй да сөзүндө Израилден палестиналыктарга багытталган кол салууларын токтотушун талап кылып, Газадагы окуялар тууралуу көз карандысыз жана ачык териштирүү жүргүзүлүшү керектигин айтты.

Мэй, Түркиянын 3,5 миллиондон ашуун сириялыкты баш калкалатып болуп көрбөгөндөй жоомарттыгынан улам мактоого арзыганын маалымдады.

 

 


Этикеткалар: #Эрдоган , #Тереза Мэй

Тектеш кабарлар