Палестина менен Кудус жалгыз эмес
Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын Твиттерден билдирүүсүн бөлүштү.
970497
![Палестина менен Кудус жалгыз эмес](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/6baa/0ef9/a5a6/5af95e69870ed.jpg?time=1718832570)
Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, Палестина менен Кудустун жалгыз эмес экенин белгиледи.
Ибрахим Калын, АКШнын Тель-Авивдеги элчилигин Кудуска көчүрүү чечимине байланыштуу Твиттер баракчасынан бөлүшүүсүндө: «Палестина жалгыз эмес. Кудус жалгыз эмес. Басып алуу соңуна чыгат, эл жана адилеттүүлүк сөзсүз жеңет»,-деп айтты.
Ушул эле сөздөрдүн англисчесин да бөлүшкөн Калын өз билдирүүсүндө "#Nakba70" этикеткасын колдонду.