Президент Эрдогандан АКШга каршы чыгуу

Президент Р. Т. Эрдоган АКШ Иран ядролук келишиминен баш тарта турган болсо жоготкон тарап болорун белгиледи.

967231
Президент Эрдогандан АКШга каршы чыгуу

 Президент Эрдоган борбору АКШ болгон CNN Internationalден Бекки Андерсондун дүйнөлүк күн тартибине байланыштуу суроолоруна жооп берди.

АКШнын президенти Дональд Трамптын кечээ билдирген «Иран менен ядролук келишимден чыгуу» чечимине баа берген Эрдоган : «Бул келишимде болбойт деп айтылгандын аткарылышы көптөгөн жылдарга созулган терстиктин оң бир абалга айланышы үмүттөрдү арттырган болчу. Мунун күтүлбөгөн жерден тескери багытта кетиши бир гана аймакты эле эмес бүткүл дүйнөнү жана глобалдык экономикага таасир берет. АКШ мындан пайдалана алат бирок бир топ өлкө мындан олуттуу түрдө тынчсыздангандыктан дагы чоң сокку урушу мүмкүн. Эмне себептен дагы чоң кризистерге жол ачып жатабыз? Башка кризистерге муктаж эмеспиз»,- деди.

Бекки Андерсондун : «АКШ жана Ирандын ортосундагы кризис жол ача турган эң чоң  риск эмне?»,- деген суроого Эрдоган : «Бул жерде менин  оюмча жогото турган АКШ болот. Иран түзгөн келишимден чыкпайт. АКШ жоготот. Себеби түзгөн келишимге баш ийбей жатат. Эл аралык келишимдер каалаган учурда бузуп, каалаган учурда түзө турган келишимдер эмес. Кол коюлган болсо баш ийүү керек»,- деди.

 

 



Тектеш кабарлар