1915-жылдагы окуялар тууралуу Түркиядагы архивдер ачык, башка архиви болгондор дагы ачышсын

Президент Эрдоган, Бештепедеги «Миллет» маданият жана конгресс борборунда Фонд жумалыгы менен рестоврациясы бүткөрүлгөн 250 чыгарманын 7 аймактан түз эфирге байланышкан тобу менен ачылыш аземинде сөз сүйлөдү.

966644
1915-жылдагы окуялар тууралуу Түркиядагы архивдер ачык, башка архиви болгондор дагы ачышсын

Президент Режеп Таййип Эрдоган, 1915-жылдагы окуялар тууралуу Түркиядагы архивдердин ачык экенин белгилеп, колдорунда архиви болгондорго да буларды ачуу чакырыгын салды.

Президент Эрдоган, Бештепедеги «Миллет» маданият жана конгресс борборунда Фонд жумалыгы менен рестоврациясы бүткөрүлгөн 250 чыгарманын 7 аймактан түз эфирге байланышкан тобу менен ачылыш аземинде сөз сүйлөдү.

Сөзүндө 1915-жылдагы окуялар тууралуу жалган армян дооматтарына токтолгон Эрдоган: «Учурда Түрк куралдуу күчтөрүнүн архиви толугу менен ачылды жана эми иликтенүүгө даярбыз. Президенттик архиви ошондой эле түрдө ачылып иликтөөгө даяр. Жүрөгү жеткен бар болсо келсин. Өзгөчө армян дооматтарын кылгандарга тынымсыз чакырык салдым; жүрөгүңөр жетсе келгиле, биз архивдерибизди ачып жатабыз, бар болсо сен да архивиңди ач»,-деди.

Эрдоган,1915-жылдагы жалган армян дооматтарын ортого салгандардын Түркияга каршы акцияларды жүргүзүүдөн башка эч нерсе кылбагандарын белгилеп, «Буларда акча да көп. Түркияны күнөөлүү абалга түшүргүсү келип жатат. Түшүрө албайсыңар, анткени биздики туура, акылуубуз»,-деп айтты.

Сөзүндө  Францияда арасында Франциянын мурдагы президенти Саркози да орун алган 300 кишинин кол тамгасы менен жарыяланган Куран-ы Керимден айрым аяттардын чыгартылып салышы жөнүндөгү билдирүүгө каршылык көрсөтүүсүн уланткан Эрдоган: «Франциянын интелигент болуп саналган караңгы жүздөрү сиз Куран-ы Керимден айрым аяттардын чыгарылышын сунуштап жатасыз. Биздин маданиятыбызда Инжилден, Тоораттан буларды чыгар деген түшүнүк жок. Биз көктөн түшкөн китептердин баарын урматтайбыз, булар туурасында спекуляция кылбайбыз»,-деди.

Эрдоган: «Куран-ы Керим жөнүндө бул сөздөрдү айтууну сизге ким коюптур? Ансыз деле акыркы убактарда сиздер аябай чар жайыт болуп кеттиңер. Сиздин ДЕАШтан эч кандай айырмаңыз жок. Франциядагы үч-беш бейбаштын сүйлөгөн акыркы билдирүүлөрүн биз бир гана сабатсыздыктын чыгалуусу катары көрүүдөбүз. Биздин мамилебиз батыштык баалуулуктарды жакташ үчүн Исламга кол салгандарды коргогон, көчөлөрдү өрттөгөндөрдүн колдоочусу болгон кээ бир исламофобик европалык саясатчылар, өзгөчө Николя Саркози үчүн да сабак болушу керек. Европанын чок ортосунда мечиттерди өрттөгөндөргө кандай каршы чыксак, Сирияда, Иракта, чиркөөлөргө кол салгандарга да ошондой эле түрдө каршыбыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар