Түркия АКШга каршылык көрсөттү

Түркия Хизер Науэрттин Африн калкынын кайра кайтуусуна уруксаттын берилбегендиги тууралуу айткандарына катуу каршылык көрсөттү.

964593
Түркия АКШга каршылык көрсөттү

Түркия АКШнын тышкы иштер министрлигинин катчысы Хизер Науэрттин Африн калкынын кайра кайтуусуна уруксаттын берилбегендиги тууралуу айткандарына катуу каршылык көрсөттү.

Тышкы иштер министрлигинин катчысы Хами Аксой берген жазуу түрүндөгү маалыматында : «Афринге кайра кайтууну каалаган жергиликтүү калкка тоскоол болгон террордук уюм ПЙД/ЙПГнин өзү»,- деди. Маалыматта Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан Сириянын Африн аймагындагы «Зайтун бутагы» операциясынын жарандарга зыянын тийгизбестен жүргүзүлгөндүгүн баса белгиледи.

Африндеги адамзаттык абалдын «терең тынчсыздануунун» булагы деген ырастоосунун толугу менен негизсиз экендигин белгилеген Аксой : «Сириянын түндүгүндө негизги тынчсыздантуучу булактын союздашыбыз катары билген өлкөлөрдүн ПКК/ПЙД/ЙПГ террористтери менен уланткан кызматташтыгы»,- деди.



Тектеш кабарлар