Эрдогандын 1-Майга карата билдирүүсү

1-Май эмгекчилердин эл аралы күнү

961257
Эрдогандын 1-Майга карата билдирүүсү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, эмгекчилердин укуктарынын корголуусуна карата жүргүзүлө турган чын ыкластуу аракеттерге колдоо көрсөтүүсүн уланта тургандарын белгиледи.

Президент Эрдоган 1-Май эмгекчилердин эл аралы күнүнө байланыштуу өз билдирүүсүн жарыялады.

Билдирүүсүндө: «Түркия өсүп-өнүккөн сайын, күчтөнгө сайын, байыган сайын пайда болгон кошумча нарктан улутубуздун ар бир мүчөсү пайдаланат»,-деген Эрдоган: «Эмгекчилердин укуктарынын корголуусуна карата жүргүзүлө турган чын ыкластуу аракеттерге колдоо көрсөтүүбүздү улантабыз. Жумушчу жана эмгекчи туугандарыбыз менен аягына чейин кол кармашып жол жүрөбүз. Жумушчулардын жана эмгекчилердин өсүүсү Түркиянын өсүп-өнүгүүсү болуп саналат»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар