Президент Эрдоган Өзбекстанга бүгүн барат

Эрдоган Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеевдин чакыруусу боюнча бүгүн бул өлкөгө иш сапары менен барат.

960539
Президент Эрдоган Өзбекстанга бүгүн барат

Президент Режеп Таййип Эрдоган Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин чакыруусу боюнча бүгүн бул өлкөгө иш сапары менен барат.

Президенттиктин маалымат борборунун маалыматына караганда 29-апрел-1-май күндөрүнүн арасында боло турган сапар убагындагы жолугушууларда Өзбекстан менен карым-катнаштардын дагы өнүккөн баскычка жектирилиши үчүн таштала турган кадамдар жана аймактык абалдар туурасында пикир алмашылат.

Эң оболу Эрдоган менен Мирзиёев өз алдынча жана делегациялар аралык жолугушууларды өткөрүшөт.

Президент Эрдоган, Ташкент программасынын алкагында Өзбекстандын Олий Мажлисине кайрылат, андан соң президент Мирзиёев менен түркиялык жана өзбекстандык ишкерлердин катышуусунда өткөрүлө турган Ишкердик форумуна катышат.

Эрдоган, 1-майда Түрк-Ислам цивилизациясынын байыркы шаарларынан аалымдар жана ойчулдар жергеси Бухарада жолугушууларды өткөрүп, иликтөө жүргүзөт.

Президент Эрдоган, Өзбекстандагы жолугушууларынан кийин 2-3-май күндөрүндө болсо Түштүк Кореянын малекет башчысы Мун Чжэ Индин чакыруусу боюнча бул өлкөгө расмий сапар менен барат.

Түштүк Корея сапары убагында боло турган жолугушууларда эки тараптуу карым-катнаштар менен катар аймактык жана эл аралык темалар каралат.

 



Тектеш кабарлар