Үч өлкөнүн тышкы иштер министрлери Москвага чогулат

Үч министр эмнени сүйлөшөт?

958882
Үч өлкөнүн тышкы иштер министрлери Москвага чогулат

Түркия, Орусия жана Ирандын тышкы иштер министрлери Москвага чогулат.

Тышкы иштер министрлиги, Астана платформасынын кепил өлкөлөрү Түркия, Орусия жана Ирандын тышкы иштер министрлеринин ишемби күнү Орусиянын борбор шаары Москвада жолуга тургандарын билдирди.

Министрликтин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, тышкы иштер министр Мевлүт Чавушоглу, орус кесиптеши Сергей Лавров жана ирандык кесиптеши Жевад Зарифтин 28-апрелде Москвада жолуга тургандары белгиленди.

Билдирүүдө: «Жыйында Астана механизминин карамагында жүргүзүлгөн кызматташтык кеңири каралып, мындан кийин ташталса боло турган кадамдар боюнча пикир алмашылат»,-делди.

Астана процесси, Сириядагы кризистин чечилүүсүнө салым кошуу максатында үч өлкөнүн аракети менен алгач 2017-жылдын январь айында Казакстандын борбор шаары Астанада башталган эле.

Чавушоглу, Лавров жана Зариф акыркы жолу Астанада 15-мартта өткөрүлгөн Сирия темалуу тышкы иштер министрлеринин жыйынында жолугушкан болчу.



Тектеш кабарлар