Түркия АКШга каршылык көрсөттү

АКШнын Мамлекеттик департаментинин Адам укуктары боюнча отчетуна Түркиянын Адилет министрлиги каршылык көрсөттү.

959138
Түркия АКШга каршылык көрсөттү

Түркия, АКШга террордук уюмдарды колдоодон баш туртуу чакырыгын салды.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин Адам укуктары боюнча отчетуна Түркиянын Адилет министрлиги каршылык көрсөттү.

Министрликтин жазуу түрүндөгү жарыясында аты аталган отчеттун бир жактуу сереп салууларга толгону белгиленип; АКШга Фетуллахчы тероор уюмунун (ФЕТӨ) мүчөлөрү үчүн коопсуз порт, жикчил террор уюму ПКК/ПЙД-ЙПГ үчүн да камсыздоочу болуудан баш тартышы сунушталды.

Анда; отчетто колдонулган тил жана ыкманын, жакшы ниет жана дипломатиялык урмат-сыйдын чектеринен ашканы баса белгиленип, «Отчеттун материалдык жаңылыштыктар менен катар булагы шектүү маалыматтар, негизсиз айтымдар, бир жактуу сереп салуулар жана субьективдүү баа берүүлөргө толгон»,делди.

Анда айрыкча АКШнын алгач өз кылмыш каттоолорун карап чыгып системалуу бузуулар жана укукка жатпаган ишке ашырууларын соңуна чыгарышы керектиги баса белгиленди.



Тектеш кабарлар