Түркиянын АКШга жалган армян дооматтары темасындагы эскертүүсү

Түркия, АКШнын президенти Дональд Трамптын 1915-жылдагы окуялар туурасындагы «жаңылыш айтымдар жана субьективдүү тарых жорумун» четке какты.

958196
Түркиянын АКШга жалган армян дооматтары темасындагы эскертүүсү

Түркия, АКШнын президенти Дональд Трамптын 1915-жылдагы окуялар туурасындагы «жаңылыш айтымдар жана субьективдүү тарых жорумун» четке какты.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү жарыясында, «АКШнын президенти Дональд Трамп тарабынан 1915-жылдагы окуялар туурасында 2018-жылдын 24-апрелинде жасалган жазуу түрүндөгү жарыясында орун алган жаңылыш айтымдарды жана субьективдүү тарыхый жорумду четке кагабаз»,делди.

Түркиянын АКШ башкаруучулугунан Осмон империясынын бардык улуттар татаал шарттарда жашаган ал мезгилге адилеттүү мамиле менен баа берилиши туурасындагы күтүүсү баса белгиленген жарыяда буларга орун берилди: «Ушул алкакта, Президент Трампка ошол мезгилде армян козголоңчулары орун алган окуялардын себебинен кыргын салынган 500 миңден ашуун мусулман бар экенин эске салабыз. Түркия биргелешкен тарых комиссиясы түзүлүүсү жолу менен тарыхтын бул кайгылуу мезгилинин ачыкка чыгарылышын сунуштоосун улантып жатканда архивдерин изилдөөчүлөрдүн пайдалануусу үчүн ачты».

Анда айрыкча, 1-Дүйнөлүк согуш шарттарында каза тапкан осмондук армяндарынын быйыл 24-апрель күнү Стамбулдагы Армян патриархтыгында уюштурулган диний азем менен акылуу болгон урмат-сыйга жана 800 жылдык түрк-армян достугуна шайкеш түрдө эскерилгени баса белгиленди.

Тышкы иштер министрлигинин жарыясында буларга орун берилди: «АКШ бийлигине президентибиз Режеп Таййип Эрдогандын аты аталган аземге жөнөткөн жана Түркиянын бул сезимтал темага байланыштуу мамилесин чагылдырган, Осмондук армяндарынын неберелерине кайрылып 2018-жылдын 24-апрель билдирүүсүн эске алууларынсунуштайбыз. Бул жагдайлардын бардыгы менен бирге, АКШнын президенти тарабынан жасалган билдирүүнүн бул темадагы эл аралык укуктук нормалардын алкагында болушун жана негизсиз геноцид айтымдарынын оозго алынбаган болушунун акыл эстүүлүккө ылайыктуу мамиле болгонун ойлоодобуз».

АКШнын президенти Дональд Трамп, армяндар тарабынан 1915-окуялары болгон күн катары кабыл алынган 24-апрель тууралуу жазуу түрүндөгү жарыясында өткөн жылы болгону сыяктуу кечээ да армян тилинде «Чоң апаат» түшүнүгүн берген «Медс Йегхерн» сөзүн колдонду.



Тектеш кабарлар