Түркия китеп окууда Европаны артта калтырды

Буга байланыштуу изилдөөнүн жыйынтыгы жарыяланды.

957573
Түркия китеп окууда Европаны артта калтырды

Түркияда китеп окууга бөлүнгөн күнүмдүк убакыт, көптөгөн Европа өлкөлөрүнөн ашып өттү.

Европанын статистика мекемеси (Eurostat) 23-апрель Дүйнөлүк китеп күнүнөн улам 15 өлкөдө 2008-2015-жылдар аралыгында жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгын жарыялады.

Буга караганда эстониялыктар күнүгө 13 мүнөт китеп окуп биринчи орунду ээлесе, андан соң 12 мүнөт менен польшалыктар жана финляндиялыктар турат.

Бул изилдөө, венгерлердин күнүгө 10 мүнөт, Греция жарандарынын болсо күнүгө 9 мүнөт китеп окуганын ортого салды.

Люксембургдуктар жана немистер менен бирдей көрсөткүчтө китеп окуган түрктөр болсо күнүнгө 7 мүнөт менен англиялыктар, испандар жана голландиялыктар менен катар Европа өлкөлөрүн артта калтырды.

Европада эң аз китеп окугандар 2 мүнөт менен француздар, 5 мүнөт менен австриялыктар, итальяндар жана румындар болду.

Бир тараптан түрктөрдүн орто эсеп менен 10 пайызынын негизги маданий иш-аракеттеринин китеп окуу экени билдирилсе, бул көрсөткүч финндерде 16,8 пайызга жана польшалыктарда 16,4 пайызга жетти.



Тектеш кабарлар