23-Апрель Улуттук эгемендик жана Балдар майрамына карата саясатчылардын билдирүүлөрү

23-Апрель Улуттук Эгемендик жана Балдар майрамы жана ошондой эле Түркия Улуттук Улуу Жыйынынын (ТУУЖ) ачылышынын 98 жылдыгы...

956912
23-Апрель Улуттук эгемендик жана Балдар майрамына карата саясатчылардын билдирүүлөрү

23-Апрель Улуттук Эгемендик жана Балдар майрамы жана ошондой эле Түркия Улуттук Улуу Жыйынынын (ТУУЖ) ачылышынын 98 жылдыгынан улам саясатчылар куттуктоо билдирүүлөрүн жарыялашты.

Президент Режеп Таййип Эрдоган, өз билдирүүсүндө 23-апрелдин улуу Түрк улутунун кайрадан тирилишинин жана даңазаланышынын белгиси болгонун белгилеп өттү.

Эрдоган, 98 жылдык Түркия Улуттук Улуу Жыйыны (ТУУЖ) иштерин алгачкы күндөгүдөй толкундануу менен улантканын белгиледи.

24-июндагы шайлоолорго да токтолгон Эрдоган: «Өлкөбүздөгү ырааттуулук жана коопсуздук чөйрөсүн күчтөндүрө турган жаңы мезгилге кирүүдөбүз»,-деди.

Парламент төрагасы Исмаил Кахраман билдирүүсүндө, «Улуттук Улуу Жыйын, толук көз карандысыздыктан башка эч бир сунуш кабыл алынбай турганын жарыялап боштондук күрөшүн баштаткан жана Парламентибиздин алгачкы төрагасы Мустафа Кемал жол башчылык кылган улуттук күрөш жеңиш менен натыйжаланган»,-деди.

ТУУЖдун Төрагасы Кахраман, балдардын майрамын да куттуктап, «Өздөрүнө бир майрам арналган сүйүктүү балдарыбызды жылуу сезим менен кучактайм,улуу улутубуздун майрамын куттуктаймын»,-деди.

Премьер-министр Бинали Йылдырым болсо билдирүүсүндө, «Эгемендик шартсыз улутка таандык» деген негиз менен курулган ТУУЖдун ачылышы менен Түрк тарыхында жаңы мезгилдин башталганын белгиледи.

Премьер-министр Бинали Йылдырым: «Балдарыбыздын тынчтык, ынтымак жана туугандыкка толгон дүйнө кыялданууларын ишке ашыруу эң чоң максатыбыз»,-деп айтты.

Жумурият элдик партиясынын жетекчиси Кемал Кылычдароглу да билдирүүсүндө, «23-Апрель Улуттук Эгемендик жана Балдар майрамы, демократиянын өнүгүшү, адилеттиктин камсыздалышы, укук мамлекетинин күчтөнүшү, өлкөбүздө тынчтыктын жана өнүгүүнүн кепилдиги болот»,-деди жана балдардын майрамын куттуктады.



Тектеш кабарлар