Келечек маалыматка ээ болгон коомчулукта, технологияда

Премьер-министр Бинали Йылдырым,Измирде энеси жана кайын энесинин атынан салдырылган мектептин ачылышында сөз сүйлөдү.

956736
Келечек маалыматка ээ болгон коомчулукта, технологияда

Премьер-министр Бинали Йылдырым, Түркиянын душмандарына каршы ар дайым керектүү жоопту бере тургандай күчтө экенин айтты.

Бинали Йылдырым, Измирде энеси жана кайын энесинин атынан салдырылган мектептин ачылышында сөз сүйлөдү.

Сөз сүйлөөсүндө эгемендиктин маанисине токтолгон Йылдырым, террор менен күрөшүүдө чечкиндүү экендиктерин айтты.

«Бул жер үчүн жанын берген шейиттерибиздин баатырдыктары эч качан унутулбайт»,-деп айткан Йылдырым: «Ички жана тышкы күчтөр туугандыгыбызды, мамлекетибизди, улутубузду, желегибизди көрө албагандар эмне кылышса кылышсын, Сириянын Африн аймагында кылганыбыз сыяктуу, Эл Бабда кылганыбыз сыяктуу, өлкө ичинде Габарда, Бестлер Дерелер аймактарында кылганыбыз сыяктуу Иракта, Хакуркта, Кандилде кылганыбыз сыяктуу аларды желкеден алып сабагын беребиз, бул желекти түшүрбөйбүз, бул азандарды токтотпойбуз»,-деп айтты.

Сөзүндө биримдик жана ынтымакка чакырган Йылдырым: «Бири-бирибизге дагы көп жакындашабыз. Бир болобуз, чогуу болобуз, бирдикте Түркия болобуз»,-деди.

Премьер-министр: «Ар дайым айтканым сыяктуу бир нерсе бар; биз келечекти карашыбыз керек. Келечек маалыматка ээ болгон коомчулукта, технологияда»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар