Түркиянын НАТО үчүн стратегиялык мааниси бар

Президент Режеп Таййип Эрдоган НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенбергди кабыл алды.

952957
Түркиянын НАТО үчүн стратегиялык мааниси бар

Президент Режеп Таййип Эрдоган расмий сапар менен борбор шаар Анкарага келген НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенбергди кабыл алды.

Президент Эрдоган менен НАТОнун баш катчысы Столтенберг, Түркия-НАТО карым-катнаштары жана Сириядан баштап аймактык абалдарды карап чыгышты. Ошондой эле НАТОго мүчө өлкөлөрдүн террордун ар түрдүүсүнө каршы колдошуусу керектигин жана чечкиндүүлүк менен күрөш жүргүзүүсүнүн маанисин баса белгиледи.

Түркиянын шериктештик үчүн стратегиялык мааниси болгонун баса белгилеген Столтенберг, июль айында Бельгиянын борбор калаасы Брюсселде өткөрүлүшү пландалган НАТО саммити туурасында да президент Эрдоганга маалымат берди.

Президент Эрдоган жана Столтенбергдин Дамаск бийлигинин 7-апрелде Думада химиялык курал колдонуусунун себебинен АКШ, Англия жана Франциянын ишемби күнү жүргүзгөн операциясы туурасында пикир алмашкан кабыл алууда, террор менен күрөшүү темасына да токтолду.

Ушул алкакта НАТОго мүчө өлкөлөрдүн террордун ар түрдүүсүнө каршы колдошуу жана чечкиндүүлүк менен күрөшүүлөрүнүн мааниси баса белгиленди.



Тектеш кабарлар