Сирия калкына келечекти камсыздаган Түркиядан башка эч бир өлкө жок

Президент Режеп Таййип Эрдоган, өзү жетектеген Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) Стамбулдун Үскүдар районундагы Райондук конгрессинде сөз сүйлөдү.

952161
Сирия калкына келечекти камсыздаган Түркиядан башка эч бир өлкө жок

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Сирия калкына келечекти камсыздаган Түркиядан башка эч бир өлкө жок экенин айтты.

Эрдоган, өзү жетектеген Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) Стамбулдун Үскүдар районундагы Райондук конгрессинде сөз сүйлөдү.

Сөзүндө Түрк куралдуу күчтүрөнүн (ТКК) Сириянын Африн аймагында 20-январда баштаган жикчил террор уюму ПКК/ПЙД-ЙПГ жана ДЕАШка каршы жүргүзгөн «Зайтун бутагы» кыймылында ушул убакка дейре 4163 террористтин жок кылынганын айткан Эрдоган: «Биз маңдайыбызга чыгарылган террордук уюмдар менен чечкиндүүлүгүбүздөн баш тартпастан күрөшүүдөбүз. Учурда Фетуллахчы террор уюмунан (ФЕТӨ) чет өлкөдөн кармалып алып келинген террорист саны 80ге жетти. Учурда сексенинчи ПКК жана ФЕТӨ чыккынчылары юстицияда суракка алынууда»,-деди.

Эркин Сирия армиясынын (ЭСА) Түрк куралдуу күчтөрү (ТКК) менен бирге Сирияда террористтерге каршы согушуп жатканын баса белгилеген Эрдоган, «Аймагыбызда ойнолуп жаткан оюндарды терсине буруудабыз»,-деп айтты.

«Сирия калкына келечекти камсыздаган Түркиядан башка эч ким жок. Сирияда коопсуз аймактарды түзүп, качкындардын өлкөсүнө кайтуулары камсыздалышы керек»,-деди.

Эми Сирияда Түркия орун албаган эч бир кадамдын ташталышынын мүмкүн болбогонун айткан Эрдоган: «АКШнын Англия жана Франция менен бирге режимдин химиялык курал чыгаруучу ишканаларын бутага алган акыркы кол салуусунда дагы бир жолу көргөнүбүздөй иш мындай үстүртөн чара көрүүлөр менен болбойт»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар