Агры тоосунун аймагына операция жүргүзүлдү
Агры тоосунун аймагында жүргүзүлгөн операцияларда акыркы 10 күндө 1 террорист тирүү кармалып, 14 террорист жок кылынды.
952411
![Агры тоосунун аймагына операция жүргүзүлдү](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/adaf/ae25/3cf5/5ad43f673cd53.jpg?time=1718826885)
Агры тоосунун аймагында жүргүзүлгөн операцияларда акыркы 10 күндө 1 террорист тирүү кармалып, 14 террорист жок кылынды.
Агры губернаторлугунун жарыясында, Облустук Жандармерия командирлигинин террор уюму ПККнын мүчөлөрүнө карай Чыгыш Бейазыт районунун Агры тоосунун элет жеринде ишке ашырган операция убагында кечээ 2 аскердин шейит болгонун эске салды.
Аймакта кеңири масштабдуу операция башталганы билдирилген жарыяда: «Ишке ашкан операциянын натыйжасында жикчил террор уюмуна мүчө 8 террорист жок кылынды. Шаарда акыркы 10 күндө 1 террорист тирүү кармалып, 14 террорист жок кылынды жана операцияиялар тынымсцыз уланууда»,делди.
Түрк аскери акыркы операцияны тик учардын коштоосунда тоолуу аймакта жана кар каптаган жерлерде ишке ашырды.