Түркиянын премьер министри АКШ менен Орусияга чакырык салды

Премьер-министр: «Көчө мушташы токтотулушу керек. Андан карапайым адамдар жабыркап жатат».

949392
Түркиянын премьер министри АКШ менен Орусияга чакырык салды

Премьер-министр Бинали Йылдырым, Сирия боюнча кайым айтышкан АКШ менен Орусияны эскертип: «Эми көчө мушташын токтотуунун убагы келди, анын кесепетин карапайым элдер төлөп жатат»,-деди.

Йылдырым Стамбулда Евразия экономика саммитинде сөз сүйлөдү.

Өзгөчө чоң күчкө ээ болгон БУУнун туруктуу өкүлдөрүнүн, учурда чоң жоопкерчилик астында тургандарын белгилеген Бинали Йылдырым: «Бул эмне кылгандары? Твит жазып бири-бирин коркутуп жатышат. Бул дүйнөнүн, аймактын келечегин сиздердин эки жактуу кайым айтышууларыңарга, миңдеген адамдын жок болушуна унчукпай калабы? Бирөө: «Менин жакшы ракетам бар» дейт, экинчиси мындай дейт: «Меники дагы жакшысы бар. Жөнөт кана. Жөнөтпөсөң мындай болот». Көчө мушташы. Көчө зөөкүрлөрү сыяктуу урушуп жатышат. Бирок мындан ким жабыр тартууда? Кесепетин ким төлөп жатат? Карапайым адамдар төлөп жатат»,-деди.

Аймактын дагы да баш аламан абалга айланбашы үчүн Сириядагы актерлорду эскерткен Йылдырым: «Заман атаандаштыктын заманы эмес. Азыр аймактагы чыгымдардын ордун толтуруунун убагы, «Сен дагы күчтүүсүң, мен дагы күчтүүмүн» талашын токтотуунун убагы. Кол кармашып чындап эле Сириянын дагы, Ирактын дагы жеринин бүтүндүгүн камсыздап, террордук уюмдарга каршы жапыр күрөшүүнүн убагы. Биз Түркия катары муну аткарып жатабыз»,-деп айтты.

Эки тараптуу кайым айтышуунун пайда алып келбей турганын баса белгилеген Йылдырым: «Менин дагы жакшы ракетам бар, жок сенин дагы жакшы ракетаң бар. Көчө мушташы сыяктуу. Эми көчө мушташын токтотуунун убагы келди. Анын кесепетин капарайым эл төлөп жатат»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар