Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда бир катар келишимдерге кол коюлду

Президент Сооронбай Жээнбековдун Түркияга расмий визитинин жыйынтыгы менен биргелешкен документтерге кол коюу аземи өткөрүлдү.

947793
Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда бир катар келишимдерге кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Түркия Республикасына расмий визитинин жыйынтыгы менен бүгүн, 9-апрелде биргелешкен документтерге кол коюу аземи өткөрүлдү.

Тактап айтканда эки тараптуу төмөндөгү документтерге кол коюлду:

1. Түркия Республикасынын Өкмөтүнө караштуу инвестицияларга көмөктөшүүнү колдоо  боюнча агенттиги  (ispat) менен Кыргыз Республикасынын инвестицияларды жылдыруу жана коргоо агенттигинин ортосунда кызматташуу тууралуу Меморандум;

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда дене тарбиясы жана спорт чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө Макулдашуу;

3.Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда айыл чарба тармагында кызматташуу жөнүндө Макулдашуу;

4.Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда инвестицияларды өз ара колдоо жана коргоо жөнүндө Макулдашуу;

5.Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда социалдык камсыздоо жөнүндө Келишим;

6.Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда басма сөз жана маалымат тармагында  кызматташуу тууралуу Протокол.

 


Этикеткалар: #Кыргыз , #Түркия

Тектеш кабарлар