ТИКАдан Ливандагы сириялыктарга жардам берилди
Берилген жардамдар үй - бүлөлөрдүн эки айлы муктаждыгын камсыздайт.
![ТИКАдан Ливандагы сириялыктарга жардам берилди](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/b58a/6ddd/51a7/5a97ab647d91a.jpg?time=1718913137)
Түрк кызматташтык жана Координация агенттигинин төрагалыгы ТИКА Ливанда жашаган жардамга муктаж 210 сириялык баш калкалоочу үй - бүлөгө азык - түлүк жана жууркан жардам берди.
ТИКАдан берилген маалыматка ылайык борбор шаар Бейруттун түндүгүндөгү Хариса аймагында кыйын шарттарда жашап жаткан 210 сириялык үй - бүлөгө 7, 5 тоннага жакын азык - түлүк жана 420 жууркан жиберилди. Таркатылган азык - түлүк ар бир үй - бүлөнүн 2 айлык муктаждыгын камсыз кылары белгиленди.
Ливандагы Сириялык баш калкалоочулар жумушсуздук жана жакырдык сыяктуу маанилүү маселелер менен бирге билим берүү жана саламаттык сактоо боюнча тейлөөлөргө жетишүүдө кыйналышууда, иштөө уруксаты болбогондуктан турмуштарын көпчүлүк учурда берилген жардамдар менен өткөрүшүүдө.
ТИКА Ливанда Сириядагы кагылышуулардан качып өлкөсүнөн кеткен качкындарга жардам берүүнү улантууда.
Тектеш кабарлар
![Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/2c2c/2e17/7c21/667433d0d3b4a.jpg?time=1718913138)
Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты
Мехмет Шимшек Британияда Chatham House уюштурган конференцияда сөз сүйлөдү.