Президент Р. Т. Эрдоган менен Ирандын президенти Руханинин жолугушуусу
Жолугушууда эки тараптуу карым - катнаштар менен бирге аймактык жана эл аралык маселелер тууралуу пикир алышууларда болушту.
![Президент Р. Т. Эрдоган менен Ирандын президенти Руханинин жолугушуусу](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/6dc0/4069/8b11/5ac496b14d5be.jpg?time=1718822347)
Президент Р. Т. Эрдоган Ирандын президенти Хасан Рухани менен жекеме - жеке сүйлөшүү өткөрдү. Сирия тууралуу Түркия - Орусия - Иран үчтүк саммити үчүн борбор шаар Анкарага келген Руханини Эрдоган президенттик комплексте тосуп алды. Андан кийин Эрдоган менен Рухани жекеме - жеке сүйлөшүүлөргө өтүштү. Массалык маалымат каражаттарына жабык өткөн сүйлөшүү бир саатка созулду. Саммиттин негизинде өткөн жолугушууда эки тараптуу карым - катнаштар менен бирге аймактык жана эл аралык маселелер тууралуу пикир алышууларда болушту. Рухани андан кийин Орусиянын президенти В. Путин менен жекеме - жеке сүйлөшүүгө өттү.
Түркия - Орусия - Иран үчтүк саммитин өткөрүп жаткан президент Эрдоган иш алып баруу тамагынан кийин Рухани жана Путин менен биргелешкен пресс жыйын өткөрөт. Эскерте кетсек Сирия тема болгон үчтүк саммит мындан мурда 22 - ноябрда Эрдоган, Путин жана Руханинин катышуусу менен Орусиянын Сочи шаарында өткөрүлгөн болчу.