Террор менен күрөшүүдө жаңы максаттар капыстан жарыяланат

Эрдоган, Стамбулда салынып бүткөн 80 мектеп жана 59 мектеп спорт залынын ачылыш аземине катышты.

942924
Террор менен күрөшүүдө жаңы максаттар капыстан жарыяланат

Президент Режеп Таййип Эрдоган,террор менен күрөшүүдө  жаңы максаттарды капыстан ачыктай ала тургандарынын белгисин берди.

Эрдоган, Стамбулда салынып бүткөн 80 мектеп жана 59 мектеп спорт залынын ачылыш аземине катышты.

Сөзүндө террор менен күрөшүүгө токтолгон Эрдоган, Түрк куралдуу күчтөрүнүн Сириянын Африн аймагында жикчил террордук уюм ПКК/КЖК/ПЙД-ЙПГ жана ДЕАШка мүчө террористтерди жок кылуу, дос жана боордош аймак элин кысым жана зулумдуктан куткаруу үчүн 20-январда баштаган «Зайтун бутагы» операциясынын алкагында ушул убакка дейре 3872 террористтин жок кылынганын белгиледи.

Террор менен күрөшүүдө чечкиндүүлүктү баса белгилеген Эрдоган, ТККнын жаңы максаттарга жетүүнүн даярдыгын кылганын айтты.

Афринден кийин террор менен күрөшүүдө жаңы буталарды капыстан жарыялай ала тургандарын белгилеген Эрдоган: «(Террор уюмдары) Алар качууда биз кубалоодобуз. Мына эмне болду? Сирияга качышты, Афринге качышты, Иракта Синжарга качышты. Багдад бийлигине айттык, атайын билдирдик, «Сиз жок кыла алсаңыз жок кылыңыз, же болбосо биз келип Синжарда ПККны жок кылабыз».Булардын бардыгы үчүн эч кимден ачыктоо күтпөйбүз, эч кимдин да көзүн карап турбайбыз»,-деп айтты.

 



Тектеш кабарлар