Түркия Афринге кургактык операциясын жүргүзүп АКШга белги берди

Германиянын мурдагы тышкы иштер министри Зигмар Габриэлдин «Der Tagesspiegel» гезитиндеги «Афринден кийинки Түркия жана Батыш-Африн, АКШга билдирүү болуп саналат» аттуу макаласы.

937650
Түркия Афринге кургактык операциясын жүргүзүп АКШга белги берди

Германиянын мурдагы тышкы иштер министри Зигмар Габриэль, Түркиянын Сириянын Африн аймагындагы «Зайтун бутагы» кыймылы менен АКШга өзүнүн да аймакта сөз ээси болгонун жана күрттөрдүн көзөмөлү астындагы кандайдыр бир түзүмгө уруксат бербей турганынын белгисин бергенин айтты.

Габриэль: «Der Tagesspiegel» гезити үчүн «Афринден кийинки Түркия жана Батыш-Африн, АКШга билдирүү болуп саналат» аттуу макаласында, Түркиянын бул билдирүүсүн АКШга жеткириш үчүн Сирияга кургактык бөлүктөрүн жөнөткөнүн жана аба күчтөрүнүн дээрлик жарымы менен өз тарыхынын эң чоң аба кыймылынан бирөөнү ишке ашырганын белгилеп, «Түркия, Сириядагы күрт аймактарына жүргүзгөн операция үчүн чоң бедел төлөөгө даяр; Мындан ары Батышка көз каранды болбоо»,деп жазды.

«Афринге жүргүзүлгөн аскердик операция, АКШга ачык билдирүү болуп саналат; Сириядагы согуштан кийинки тартип Түркиянын бекитүүсү болбостон ишке ашырылбашы керек жана кандайдыр бир түрдө күрт текшерүүсүнүн астында түзүлө турган түзүм Түркия тарабынан кабыл алынгыс»,-деп айткан Габриэль (жикчил террор уюму ПККнын Сириядагы уландысы) ЙПГ жана ПЙДнын АКШда болгону сыяктуу Европа өлкөлөрүндө да террордук уюм катары тыюу салынбаганын, бирок Түркиянын жана көп сандаган эл аралык байкоочунун террор уюму ПКК менен ЙПГ/ПЙДнын ортосундагы айырманын жасалма түрдө жаратылганы жөнүндө пикирлерин бөлүшкөнүнө көңүл бурду.

Габриэль, ПКК менен ЙПГнын ортосундагы карым-катнаштын бир гана идеологиялык жана символдук түрдө жакын эместигин баса белгилеп, «ЙПГ жана ПЙДнын ПККнын стратегиялык лидерлигинин астында турганын, бирок салыштырмалуу чоң бир операция эркиндигине ээ болгонун эске алыш керек»,-деп жазды.

АКШнын террордук уюм ДЕАШка каршы күрөшүүдө ЙПГ жана ПЙДны куралдандырып, Сириянын түндүгүндө Күрт түзүмүнө уруксат берип, Түркияга чагымчылык кылганын белгилеген Габриэль, Анкаранын мындай абалды кабыл алуусунун мүмкүн болбостугун, ушул себептен аскердик операциялардын улана бере турганын маалымдады.

Габриэль, Түркиянын Батышка көз каранды болууну каалабаганын, ушул себептен АКШ менен боло турган ыктымалдуу кризистин геополитикалык натыйжаларынан да коркпогонун айтты.

АКШнын Түркия менен болгон араздашууну контрол кыла ала турганын ойлогонун же Түркиянын геостратегиялык маанисин көз жаздымда калтырганын белгилеген Габриэль: «Алгачкы божомолдоо жаңылыш болушу мүмкүн. Экинчи божомолдоо болсо апаатка алып барат, өзгөчө биз европалыктар үчүн»,деген серебин салды.

Габриэль жаман жыйынтык чыкпашы үчүн Түркия менен карым-катнаштар темасында бүткүл Европа өлкөлөрүнүн жаңы стратегия иштеп чыгуулары керектигин баса белгиледи.

Габриэль, Түркиянын террордук уюмдардын үстөмдүгү менен курула турган ыктымалдуу күрт мамлекетине эч качан уруксат бербей турганын жана керек болсо Орусия, Иран жана Сириянын көрмөксөнгө салуусу менен бул террордук уюмдарга каршы күрөшүүсүн уланта турганын белгиледи.

Мындан да Москва жана Дамаск башкаруучулуктарынын пайда таап чыга турганын жактаган Габриэль: «Ушул себептен биздин пайда табуубуз Түркияны геосаясий жактан кошуп алууну улантуубуздан келип чыгат»,-деди.



Тектеш кабарлар