Афринде 3 айыл дагы террористтерден тазаланды

Африн аймагы райондун борбору менен Ражу, Бүлбүл, Шейх Хадид Жиндерес, Шеран жана Мабатлы болуп 6 аймактан турат.

936572
Афринде 3 айыл дагы террористтерден тазаланды

Түрк куралдуу күчтөрү менен Эркин Сирия Армиясы Афринде 3 айылды дагы террористтерден куткарды.

Аянттагы Анадолу агенттигинин кабарчыларынын маалыматына ылайык түрк куралдуу күчтөрү жана Эркин Сирия Армиясы  Африн райондук борборунун түштүгүндө террористтерге карата жүргүзүлгөн операциялардын негизинде Фафретин, Бержке менен Кебашин айылдарын ЙПГ/ПКК – ДЕАШтан тазалады.

Түрк куралдуу күчтөрү менен Эркин Сирия Армиясы «Зайтун бутагы» операциясынын негизинде 18 -  мартта Африн райондун борбору менен райондун түндүгү, чыгышы жана батышындагы жерлердин баарын колго алган болчу.

Африн аймагы райондун борбору менен Ражу, Бүлбүл, Шейх Хадид Жиндерес, Шеран жана Мабатлы болуп 6 аймактан турат.



Тектеш кабарлар