Түркия Германиянын негизсиз жарыяларына каршылык көрсөттү

Түркия, Германиянын канцлери Ангела Меркелдин Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан Сириянын Африн аймагында жүргүзүлгөн «Зайтун бутагы» операциясы тууралуу сүйлөгөн сөздөрүнүн кабыл алынгыс экенин билдирди.

935176
Түркия Германиянын негизсиз жарыяларына каршылык көрсөттү

Түркия, Германиянын канцлери Ангела Меркелдин Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан Сириянын Африн аймагында жүргүзүлгөн «Зайтун бутагы» операциясы тууралуу сүйлөгөн сөздөрүнүн кабыл алынгыс экенин билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү жарыясында, «Зайтун бутагы» операциясынын терроризм менен күрөшүүнүн жарандарга зыян тийгизбестен жүргүзүлө ала турганы темасында үлгү болгудай операция экени белгиленип, «Афринде колго түшүрүлгөн жана коомдук пикир менен тынымсыз бөлүшүлүп жаткан көрсөткүчтөр операцияга каршы жүргүзүлгөн каралоо пропогандасынын өлчөмүн жана негизсиз абалын көз алдыга жайууда»,делди.

Африн калкы үчүн жикчил террор уюму ПККнын аймактагы уландысы ПЙД/ЙПГ тарабынан көмүлгөн мина жана жарылуучу заттардан тышкары эч бир коркунуч калбаганына токтолгон билдирүүдө, булардын да ылдам түрдө тазалана турганы жана коопсуздук менен ырааттуулуктун камсыздала турганынын маалыматы бөлүшүлдү.

Анда буларга орун берилди: «Германия Федералдык Республикасынын канцлери Ангела Меркелдин бүгүн Германиянын Федералдык Парламентиндеги кайрылуусунда «Зайтун бутагы» кыймылы туурасында чындык менен алыс же жакындан тиешеси болбогон дезинформацияга таянып берген бактысыз жарыялоосу кабыл алынгыс. Түркия «Зайтун бутагы» кыймылы аркылуу мыйзамдуу коргонуу укугун колдонуу менен улуттук коопсуздугун камсыздоону жана Афринди террористтерден тазалап чыныгы ээлерине өткөрүп берүүнү максаттады. Буга карабастан айрым шериктештерибиздин болуп өткөндөргө террор уюмунун көзүнөн кароо аракетин улантууларын абдан айыптайбыз».

Шериктештерден Түркияга каршы акцияларга уруксат берилбеши талап кылынган жарыяда, «Шериктештерибизди Түркияга каршы дезинформация акцияларына уруксат берип террорду колдогон өлкө абалына түшүүнүн ордуна, өлкөбүз менен жакын кызматташтык жана кеңешүүдө болуп Сирияда туруктуу тынчтык, коопсуздук жана ыраттуулктун камсыздалышы үчүн аракет кылууга чакырабыз»,деген серебин салды.



Тектеш кабарлар