Эрдоган-Штайнмайер сүйлөшүүсү

Эки лидер телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

934993
Эрдоган-Штайнмайер сүйлөшүүсү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Германиянын Федералдык Республикасынын Президенти Фрэнк Вальтер Штайнмайер менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттиктен маалымдалгандай сүйлөшүүдө эки тараптуу карым-катнаштарга токтолушту.

Эки лидер Түркия менен Германиянын ортосундагы байланыштарды ылдамдатууга карата чечкиндүүлүктөрүн тастыкташты.

Канцлер Ангела Меркель менен өткөн жумада өткөргөн сүйлөшүүгө да шилтеме кылган президент Эрдоган, Германияда курулган жаңы өкмөт менен да диалог жана кызматташууну ылдамдатуу темасында чечкиндүү экендиктерине көңүл бурду.

Терроризмге каршы биргелеше күрөшүүнүн маанисин баса белгилеген сүйлөшүүдө Режеп Таййип Эрдоган, Сириянын Африн аймагында уланган «Зайтун бутагы» операциясы тууралуу да маалымат бөлүштү.

Эки лидердин Германияда жашаган түрк коомчулугунун эки өлкөнүн ортосундагы күчтүү байланышты өкүлдүк кылгандарына токтолгондору да белгиленди.

 



Тектеш кабарлар