«Зайтун бутагы» кыймылынын бутасы террордук уюмдар,карапайым калк эмес

Вице-премьер жана өкмөт катчысы Бекир Боздаг, Сириянын Африн аймагында жүргүзүлгөн «Зайтун бутагы» кыймылынын бутасынын террордук уюмдар экенин баса белгиледи.

933401
«Зайтун бутагы» кыймылынын бутасы террордук уюмдар,карапайым калк эмес

Вице-премьер жана өкмөт катчысы Бекир Боздаг, Сириянын Африн аймагында жүргүзүлгөн «Зайтун бутагы» кыймылынын бутасынын террордук уюмдар экенин белгилеп, «АКШдан келген акыркы маалымдоолор көрсөтүп тургандай, «Зайтун бутагы» кыймылынын максатын дагы деле түшүнө алышпаптыр же түшүнгүсү да келбей жатат»,-деди.

«Зайтун бутагы» кыймылы карапайым калкка же күрттөргө карай кыймыл эмес, террор уюмдарына каршы жүргүзүлгөн кыймыл болуп саналат. Бул кыймылда жарандар зыянга учуратылган жок; суу, азык-түлүк, дары-дармек жана ушул сыяктуу муктаждыктарга жетүүсүнө бөгөт коюлган жок»,деген Бекир Боздаг, «Зайтун бутагы» кыймылынын ДЕАШ менен күрөшүүнү начарлатты деген айтымдардын да негизсиз жана жалган экенин белгилеп өттү.

Социалдык медиа каражаты Твиттердеги жарыясында, Түркиянын жарандарга зыян тийгизбестен, отурукташкан жерлерди кыйратпастан, ийгиликтүү түрдө аскердик  операция жүргүзгөнүн баса белгилеген Боздаг: «Түркияны макташы керек болгондордун дагы деле жалган жана жаңылыш маалыматтар менен түшүнүк жаратууга аракет кылуулары Түркияга душмандык болуп саналат. Түркия, айыптоочунун айыптоосуна карабастан, эч кимден да мактоо күтпөстөн өзү билген туура жолдо илгерилөөсүн улантат»,-деп айтты.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Хизер Науерт, Түрк куралдуу күчтөрүнүн жекшемби күнү Афринди террористтерден тазалагандан кийинки билдирүүсүндө, «акыркы 48 саатта болгон абалдарга карата санааркап жаткандарын» айткан.



Тектеш кабарлар